Биз менен байланышыңыз

Дастан Бекешев ботаникалык бакты сактоого чакырды

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 471 | 0

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектин абасы чаңга көмүлүп калганын, абаны жакшыртуу үчүн ботаникалык бакты сактоо зарылдыгын айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Жогорку Кеңештин ботаникалык бак боюнча токтому бар, бирок ал аткарылбай жатат. Бул маселени Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизип, көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи. Антпесе, ботаникалык бакта бат баттан өрт чыгып, борбор калаанын абасы булганууда.

«Биз ботаникалык бакты жоготсок, Бишкектин экологиясы бузулат, анда таптакыр эле чаң жутуп жашап калабыз. Ага жол бербешибиз керек. Ботаникалык бакты сактоо үчүн ыкчам чараларды көрүү зарыл», — деди Бекешев.

Copyright © 2017 Maral FM