Биз менен байланышыңыз

Дастан Бекешов: Башкы прокуратура «монстр» болуп калды

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 704 | 0

Азыр Башкы прокуратура «монстр» болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура мыйзамды жазат, мыйзамды сунуштайт, камакка отургузат, тергөө жүргүзөт жана башка бир катар ыйгарым укуктары пайда болду.

«Адам укуктары сакталбай калды. Мына сиздин учуруңузда эле канча кишини УКМКнын абагына камап, күрөө төкмөйүнчө чыгарбайт. Андай болбошу керек да, бул мыйзамсыз да. Бул кодестерди окуган жаштар Башкы прокурор болом деп калышат го эми, монстр. Мына Жогорку Сот эскертүү берип жатат, бирок эч ким аларды уккан жок. Менин оюмча, бул мыйзам долбоорлору адамдын укуктарын сактабайт», — деди Бекешов.

Бекешов ошондой эле жаңы конституциялык мыйзамда Башкы прокуратурага өтө көп ыйгарым укуктар жазылганын сынга алды.

Мындан сырткары ал: «Башкы прокуратура өзү мыйзам бузса, кимге кайрылабыз?» деген суроо салды.

Жогорку Кеңеш жыйынында жаңыдан иштелип чыккан «КР прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин, Кылмыш-жаза кодексинин, Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин, Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциялары каралууда.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM