Биз менен байланышыңыз

Тергөө менен кызматташуу жоюлду. Эмне өзгөрөт?

Саясат | 22 Ноя 2021 | 1390 | 0

Тергөө менен кызматташуу ченеми алып салынат. Бул 1-декабрдан баштап күчүнө кирет. 2019-жылдын январь айынан тарта колдонулуп баштаган кодекстер элдин кызыкчылыгына каршы иштеп келгенин президент Садыр Жапаров 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтты. Тергөө менен кызматташуу беренеси кимдин пайдасына иштеп келген жана аны жоюу сапаттуу тергөөгө жол ачабы? Бул суроонун айланасында эксперттердин пикирин тыңдадык.

Тергөө менен кызматташуу ыкмасы 2019-жылдан тарта колдонулуп баштаган. Тагыраагы, 2019-жылы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодексте ушул маселе каралган. Буга чейин мындай ченем мыйзамда белгиленген эмес. Эми анын маанисине токтоло турган болсок, тергөө менен кызматташкан адам күнөөсүн мойнуна алып, бул ишке тиешеси бар өзүнөн башка да күнөөлүүлөрдү атап, далилдеп бериши керек. Жазасы ошого жараша жеңилдетилиши мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров 2019-жылдын январь айынан бери күчүнө кирген кодекстер элдин кызыкчылыгына каршы иштеп келгенин сындап, 1-декабрдан баштап күчүнө кире турган кодексте тергөө менен кызматташуу деген ченем алып салынганына токтолду.

Президент муну мамлекеттик, элдин кызыкчылыгын жогору коюу аракети менен түшүндүрдү.

«Себеби кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бирөөсү кызматташууга макул болуп, кылмыш жөнүндө маалымат берсе, адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп, жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар. 2019-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жаткан бүгүнкү кодекстерди ким даярдаганын жана кимдер кандай кабыл алдырганын жакшы билесиздер. Биздин бүгүнкү заманыбызга, элдин кызыкчылыгына карама-каршы келген кодекс болгон. Негизи, чынын айтсам, бүгүнкү иштеп жаткан кодекс урматтуу прокурорлор, силер үчүн, тергөөчүлөр үчүн, биз үчүн, мына бийлик башындагылар үчүн, эң ыңгайлуу кодекс. Анткени түбөлүк эч ким жок. Менин да бийлигим бүтөт, Кудайдын айткан күнү. Сиздердин прокурорлук мөөнөтүңүздөр да аяктайт, пенсияга кетесиздер, заман өзгөрөт дегендей. Анан биз бир күндүк убактылуу кызыкчылык үчүн же жеке кызыкчылык үчүн жашабай, ошол коомго, мамлекет үчүн, коом үчүн жакшы иштерди жасап, тарыхта бир ак баракка жазылып калгандай болушубуз керек». 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев буга чейин тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк жоюлушу керектигин, антпесе тергөө оңой жолго түшүп, тергөөчү кесипкөй деңгээлде изденбей калганын айткан.

Тергөө менен кызматташуу беренеси убагында туура эле киргизилген, бирок аны туура эмес чечмелеп, саясий жакка буруп, баарына терс таасирин тийгизген сыяктуу көрсөтүп жатат деп эсептейт ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Нурлан Абдылдаев. 

Анын пикиринде, чоң кылмыштарды ачуу үчүн, өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтор менен иштөө үчүн керектүү берене болчу.

«Тергөө менен кызматташуу беренеси жакшы берене болчу, анткени далил топтоонун бир эле куралы болчу. Андан сырткары да кошумча далил топтоо керек болчу. «Азыркылар тергөө менен кызматташып туруп эле дароо сотко жиберип жатышат» дешет. Өздөрү аны айтпай, башка далил топтошу керек болчу. Бул норма киргенге чейин эле оозеки иштечүбүз, аябай эле кыйын болчу. Анткени, бирөөлөр ушундай кызматташууга барам десе, биз эч кандай кепилдик бере албайт элек. Көбүнчө алдоо сыяктуу болуп калчу, жардам беребиз деп берелбайсың да. Азыркы кодексте эми кыйын болот, өкүм чыгарарда гана жеңилдетүүчү жагдай катары каралып калат. Сот ишти карап жатканда ага көңүл бура турганына кепилдик жок». 

Өзгөчө акыркы убакта жаңы бийликтин коррупционерлерге каршы «кустуруу» саясатында чуулгандуу коррупциялык иштерди уюштургандар «тергөө менен кызматташуу» деген механизмди колдонуп, саясий кызыкчылык үчүн куралга айланганы түрдүү сын-пикирлерди жаратууда. Ошондуктан аны жокко чыгаруу бир жагынан туура болгонун белгилейт милициянын ардагери, мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков.

«Тергөө менен кызматташса, жоопкерчиликти жеңилдетүү жагы каралган, анын ичинде коррупция. Ошондуктан бүгүнкү күндө тергөө менен кызматташуу дегенди алып коюу  туура эле. Бизде андан башка да «айыбын (күнөөсүн) мойнуна алуу» деген берене бар, эгерде ал өзүнүн күнөөсүн моюнга алып келсе, ага жеңилдиктер каралат. Мына ошону калтырсын. Акыркы кезде коомчулуктун кыжаалат болуп жатканы — чоң-чоң коррупционердин баары миллиондорду уурдап туруп, айып пул төлөп, тергөө менен кызматташа коюп, чыгып кетип жатканы көп кездешүүдө. Ошондуктан жаңы мыйзамды кабыл алганы туура деп айтам».

Жогорку Кеңеш 2019-жылы кабыл алган Жазык-процессуалдык кодекстеги тергөө менен кызматташуу ыкмасынын негизги максаты жазалоону гумандаштырууга жана коррупцияны жоюуга багытталган. Кылмышкерлерди катуу жазалоонун ордуна тарбиялоо, эскертүү берүү жолу катары каралган. Буга Европа атайын 13 млн евро бөлгөн.

Азыркы кодекстер 5-майда өзгөртүлгөн Башмыйзамга ылайык келтирүү максатында кайрадан каралып, оңдоп-түзөөлөр киргизилген.

Бийлик өзгөргөн сайын Башмыйзам да, саясий система да алмашып жатат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков тергөө менен кызматташуу беренесинин алып салынышынын оң жана терс таасирлери боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

«Тергөө менен кызматташуунун алып салынганы кандайдыр бир деңгээлде коррупциялык иштердин тергелишинде, же тергөөгө аралашкан учурларда коррупцияны азайтат. Экинчиси, кылмыш ишине шектүү күнөөлөнүп, ошол жерде кармалып турганына коомчулукта күмөн ойду жаратпайт. Себеби шектүү менен кызматташуу болбойт жана чыгып кете албайт. Бирок, ачыгын айтуу керек, бул жерде бир бүдөмүк ой бар. Себеби мамлекетке чоң зыян келтирген же чыккынчылык менен кармалган адамдардын тергөө менен сүйлөшүү жолдору чечилбей калса, же тергөө өзүнүн жеңилдигин бере албаса, алар жардам берүүдөн баш тартып, ишти жашырып, «канча жыл болсо да мейли» деп отуруп алса, тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, көп учурда кылмыштын ачылбай калышына алып келет».

Кызматташуу боюнча берене АКШда, Батыш өлкөлөрүндө пайдаланылып келген. Кыргызстанда 2019-жылга чейин мыйзам чегинде жок болгону менен оозеки тажрыйбада бар болгон. Тергөө менен кызматташуу — «күнөөм бар, кылмыш кылгам, бирок мени менен чогуу жасагандардын бетин ачам» деген келишим. Ал бир эле көрсөтмө же сөз эмес, далилдер менен бекитилиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM