Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Сугат мезгилинде Казакстанга берилген суу боюнча так маалымат берилсин

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 1365 | 0

Жогорку Кеңештин 9-декабрындагы жыйынында депутат Дастан Бекешев сугат мезгилинде Казакстанга Токтогул ГЭСинен кошумча суу агызылганы боюнча так маалымат берилүүсүн талап кылды.

Бекешев электр энергиясы жана сугат мезгилинде суунун берилиши боюнча эч кимдин маалыматы жок экенин белгиледи.

«Казакстанга жайкы мезгилде Токтогул суу сактагычынан суу агызылганы боюнча маалымат чыкты. Ошол мезгилде бизге бир топ фермер-дыйкандар суу бергиле деп кайрылышкан. Биз аларга суу аз, жок деп айтканбыз. Мына кечээ эле суу боюнча маалымат чыкканда мага чалып башташты, «сиз алдаган турбайсызбы» дешип. Менимче, бул маселе боюнча мага эле эмес, башка депутаттарга да кайрылышкан. Урматтуу президенттин өкүлү, так маалымат бергилечи? Качан, канча көлөмдө Казакстанга суу бергенбиз? Токтогул ГЭСи жазында иштейби-иштебейби? Сууну берип, ордуна канча электр энергиясын алдык? Бул суроолорго так жооп бергиле», — деди Бекешов.

Ошондой эле ал бул маселеде түшүнүксүз жагдайлар бар экендигин белгилеп, ызы-чуу кылбай так маалымат берүүсүн талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM