Биз менен байланышыңыз

Бекешев: Айрым талапкерлер добушту электрондук капчык менен сатып алууну көздөөдө

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 607 | 0

Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев алдыдагы парламенттик шайлоодо добуштарды электрондук капчык аркылуу сатуу мүмкүн экендигин айтып, УКМКны көзөмөлдөөгө чакырды.

Анын айтымында добуштарды акча менен сатууга тыюу салынгандыктан, бул шайлоодо электрондук капчык аркылуу добуштарды сатып алуу толук мүмкүн.

«Президент алдыдагы шайлоодо добуш сатуу менен күрөшөм деп жатат, ага биз да жардам берели. Добуш сатуу технологиясы дагы өзгөрүп жатат. Азыр кээ бир талапкерлер, партиялар добушту электрондук капчык менен сатып алууну колдонобуз деп жатат. Мүмкүн андай аймактарда болбошу мүмкүн, бирок Ош менен Бишкекте толук колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан Улуттук Банк, БШК, УКМК шайлоо күндөрү ошол электрондук капччыктарды көзөмөлдөп койсоңуздар» , — деди Бекешов.

Ошондой эле ал бир электрондук капчыктан ошол күнү бештен жогору акча которуу болсо, аларды көзөмөлдөө керек.

Copyright © 2017 Maral FM