Биз менен байланышыңыз

Саясий тагдырын бир округга байлаган депутаттар

Саясат | 8 Окт 2021 | 1240 | 0

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого катышуу үчүн 71 партия катталган, бир мандаттуу шайлоо округунан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны 8-октябрга карата 145ге жетти.

Бул жолку шайлоого былтыркы фаворит партиялардын көбү катышпайт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттардын көпчүлүгү партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдан талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүшүүдө. 

Партиялык тизме менен депутат болуу кыйынбы? 

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 16-августка карата Кыргызстанда 3 млн 657 миң 8о5 шайлоочу бар. Ар бир округ 80 миңден 120 миңге чейинки шайлоочулардын саны менен түзүлүп, өлкө боюнча жалпы 36 округ түзүлдү. Бир мандаттуу шайлоо округунан жарандар депутаттыка талапкер катары катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөтө алат. Ошондой эле ар бир саясий партия түзүлгөн округдар боюнча өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтсө болот. Партиялар бир мандатуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди өздөрүнүн съездинде карап, жашыруун добуш менен бекитип бериши керек.

Жыйынтыгы жокко чыккан былтыркы шайлоодо Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын жарымынан көбү (61и) шайлоого катышышкан болчу, быйыл алардын 10у бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөтүштү. Алардын тизмеси төмөнкүдөй:

(Эскертүү: Округ боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрда саат 18:00гө чейин кабыл алынгандыктан, бул тизме өзгөрүшү мүмкүн).

Жолдошбаев Камчыбек Өзүн-өзү көрсөтүү Ленин округу №26
Бекешев Дастан Далабайевич Өзүн-өзү көрсөтүү Октябрь округу  №28
Осмонов Айбек Жапарович

 

Өзүн-өзү көрсөтүү Ош округу

№7

Джумабеков Дастанбек Артисбекович

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

№20 Манас округу
Матраимов Искендер Исмаилович

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

№9 Кара-Суу округу
Райымкулов Бактыбек Кемелбекович

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

№22 Жайыл округу
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

 

“АЛЬЯНС” саясий партиясынан

 

№5 Ноокат округу

 

Ибраев Саматбек Кулукеев

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

№34 Жети-Өгүз округу

 

Икрамов Тазабек Икрамович Өзүн-өзү көрсөтүү  

№ 13 Сузак округу

 

Алимбеков Нурбек Каарыевич

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

 

№8 Төлөйкан округу

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бир мандаттуу округдан депутат болуу үчүн талапкерлигин жылдыргандардын бири. Ал бул шайлоодо бийликке жакын партиялар менен тең ата болуу оор болорун сезип, өз алдынча барууга аргысыз болгонун айтты.

«Мен партия менен бармакмын. Бирок, тилекке каршы бизде экинчи окууда шайлоо боюнча мыйзам долбоору каралганда, эл өкүлү Аалы Карашев өзүнүн сунушун өткөрдү. Бул шайлоо босогосун 3%дан 5%га көтөрүү боюнча. Ошондуктан учурда партиялардын 5%дык босогодон өтүүсү оор. Анын үстүнө бийликке жакын үч чоң партия ат салышып жатат. Алар менен атаандашуу кыйынга турат. Ошондуктан менен бир мандаттуу округдан өзүмдү- өзүм көрсөтүүнү чечтим». 

Өткөн жылкы шайлоодо бийликчил делген үч партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» 120 мандаттын 100дөн ашыгын ээлеген. Кыргызстандын саясий тарыхында бийликчил партиялар утулган учур болбогондугун серепчилер айтып келеишет. Бул жолку шайлоодо парламенттин күчү алсыздаганына карабай, учурда бийликте отурган чиновниктерден курулган, бийлик колдогон «Ишеним», «Ата Журт-Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиялары ат салышууда.

Мындан сырткары партиялар үчүн шайлоо босогосу 3%дан 5%га жогорулады, мындан улам капчыгы жука партиялар үчүн күрөшүү оор болоору айтылууда.

Эксперттердин пикиринде бир мандаттуу округдан парламентке депутат болуп келүү өтө татаал. Шайлоодон өтүш үчүн же абдан белгилүү лидер, же өтө бай адам болушу керек.

№ 13 Сузак округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн депутат Тазабек Икрамов учурда партияларга болгон элдин пикири өзгөргөндүгүн белгилейт. Анын ою боюнча, бир мандаттуу аймактан баруу программаны ишке ашырууга жана аймактагы маселелерди чечүүгө партияга караганда чоң мүмкүнчүлүк берет.

«Бир мандаттуу округдан катышып жатканымдын себеби, бир жагынан бул жаңы система, экинчи жагынан программаңды ишке ашырууга жана өзүң шайланган аймактагы маселелерди чечүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Партиянын ичинде программасы, келгенден кийин көз караштары башкача болуп кетиши мүмкүн. Андан сырткары учурда элдин партияларга болгон көз карашы дагы өзгөрдү. Ошол эле учурда партияда элге жаккан, жакпаган адам болуп калат экен. Бир мандаттуу округ менен барууда «бул партия менен келип алды, эптеп депутат болду» деген сөздөн да алыс болосуң. Негизгиси эл ишенсе шайланасың».

Ал эми депутат Нурбек Алимбеков буга чейин шайланып жүргөн округдан күчүн сынап көрүү үчүн ат салышып жатканын билдирди. Анын айтуусу боюнча кандай жол менен талапкер болбосун, депутат болууну эл чечет.

«Өзүм шайланып жүргөн округдан эле чыгайын деп бир мандаттуу округдан катышып жатам. Буга чейин эки жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Өкүлчүлүк кызматымды жакшы эле аткардым деп ойлойм, мыйзам чыгаруу жаатында 40ка жакын мыйзамдын автору болдум. Ошого эми өзүмдү сынап көрөйүн деп ат салышып жатам. Баарын эл чечет, биринчи Кудайдан, анан элден». 

Саясат талдоочу Табылды Акеров Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдыдагы шайлоого бир мандаттуу округдан барууну тандап жатышынын эки себебин атады.

«Биринчи себеби, эл азыр парламенттин кебетесин көрүп турат. Алар эми дагы бир партия менен барса, «мына баягылар эле» деп антипатия болушу мүмкүн. Ошондуктан алар бир мандаттуудан барып, өзүнүн урук-тууганы, жердештеринин добушу менен парламентке келүүгө аракет кылышууда. Экинчиси, көрпчүлүк депутаттарда өтө чоң суммадагы акчалар бар. Алар ал акчаларын партия менен бөлүшкүсү келбейт. Аны өзүнө колдонгонду туура деп эсептейт. Ал эми партияга акча коротконду, өзүнө эмес башка жакка кетип жаткандай эсептешет. Ошондуктан депутаттар партия менен баргылары келбей жатат. Аларга бир мандаттуу округдан барып добуш алуу пайдалуурак болуп турат».

Жаңы мыйзамда партиялардын шайлоодон өтүү босогосу 5% деп белгиленди. Беш пайыздык шайлоо босогосунан өтүү үчүн партиялар кеминде 100 миң добуш алышы шарт. Мына ошол босогонун жогорулашы айрым саясий партиялардын лидерлеринин бир мандаттуу округдарга кетишине түрткү болгондугун саясий эксперт Айданбек Акматов айтат.

«Биринчиден эле бул партиялар үчүн босого маселеси. Шайлоого 2 млн шайлоочу келе турган болсо, 5%дык босогону өтүү үчүн кеминде 100 миң добуш алыш керек. Ошондуктан көпчүлүк депутаттар, айрым партия лидерлеринин бир мандаттуу округдан талапкер болуусуна себеп болууда. Ошондой эле айрым партияларда көп жоготуулар болду. Себебеби, бизде партиялар убактылуу эле түзүлгөн уюмдар. Алар чогулат, кайра тарап кетет. Мына ошондой тарапташтары, мүчөлөрү тарап кеткен партиялардын лидерлери бир мандаттуу округдан бара жатышат. Себеби, 5%дык босогодон өтүп келүү кыйын маселе. Ал эми өзү бир мандаттуу округдан өтүп келүү шансы көбүрөөк болушу мүмкүн. Дал ушул себептен улам Жогорку Кеңештин депутаттары бир мандаттуудан бара жатат деп ойлойм«.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат. Аймактардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин саны дагы өзгөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM