Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Эл аралык деңгээлде уят болдук

Күн чабыт | 13 Ноя 2019 | 31579 | 0

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде ишкер Айеркен Саймаити атылган. Октон жаракат алган Саймаити ооруканага жетип каза тапкан. Бул адамдын аты «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» боюнча иликтөөсүндө ысымы көп айтылган адамдардын бири катары белгилүү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити атылган жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык экендигин тастыктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Биз бул теманын тегерегинде көз карандысыз эксперт Руслан Акматбек менен «Күн чабыт» программасында маек курдук.

Марал: Ишкер Саймаитинин өлүмү учурда күдүк ойлорду жаратып жатат. Окуя болгон жердеги унаа башкы консулга тийиштүү болуп жатат. Сиз бул окуяны кандай кабыл алып жатасыз?

-Саймаитинин өлүмү учурда бүдөмүк ойлорду жаратып жатат. Бирок бул жерде Саймаитинин өлүмүнүн тегерегиндеги окуялара байланыштуу ойлор коомчулукту ойго салып, табышмак жаратып жатат. Себеби окуя болгондон кийин ТИМдин жасаган аракеттери, мамилеси, кадамдары коомчулукту абдан таң калдырды. Биз бүгүнкү күндө технологиянын өнүккөн заманында эле жашап жатабыз да, мындай жагдайда баарыбыз башка өлкөнүн өкүлчүлүгүнө суроо бергендей, ТИМ «жооп келе элек» деп жооп берип жатты. Жок дегенде телефон аркылуу байланышып, ал жерде унаа Кыргызстандыкыбы же жокпу деген жоопту алса болот эле да. Мейли, ал жакта жүздөгөн «Рейндж Ровер» автоунаалары болгон күндө да, бир күндө так, туура жооп алынмак. Бирок, тилекке каршы, баарыбыз социалдык баракчалардан чыкпай, жоопту бир күндөн ашык убакыт күттүк. Албетте, бул биздин өтө кеч реакция кылгандыгыбыздын белгиси. Дагы бир кызык окуя — келген жоопто болуп жатпайбы? Анда ТИМдин берген маалыматына караганда, Сопоков ал жакта турган өзүнүн унаасы тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере алган эмес. Бир жагынан таң калсаң, экинчи жагынан күлкүң келет. Өлкөнүн расмий өкүлчүлүгүндөгү деген жооптуу киши өзүнүн аракетин түшүндүрө албай жатат. Муну коом кандай кабыл алат? Биз үчүн дагы бир сюрприз ачылды, анда каржы полициясы тарабынан издөө салынган адам расмий түрдө биздин консулдуктун унаасынын номерин колдонуп жүрөт. Көрүнүштү кантип түшүнүшүбүз керек? Ушул сыяктуу жагдайлар Саймаитинин өлүмүнүн тегерегиндеги окуялар чындап эле, көмүскө же караңгы мамилелер менен коштолгондугун дагы бир ирет такстыктап жатат. Себеби жаап-жашырган маселелер болбосо, эбак эле коомчулукка болгон маалыматты көтөрө чаап таратып калмак. Учурда соиалдык баракчаларда ТИМге болгон нааразычылыктар, терс пикирлердин айтылып жатканына ким күнөлүү? Албетте, бул жагдайга өзүлөрү себепкер . 

Марал: Башкы консул иштен алынды. Коомчулук бул окуяга кандай реакция жасашы керек деген ойдосуз?

-Албетте, бул — аянычтуу, кейиштүү окуя. Себеби окуя эл аралык резонанс жараткандан кийин гана расмий өкүлчүлүктүн кызматтан алынып, иштин жабылып калышы  кызык болду. Кыргызстан мындай иш-аракеттерге көнүп деле бүттү. Таң калуунун кереги деле жок. Бирок эл аралык деңгээлде уят эле болдук да. Эмне үчүн дегенде, ушул окуядан кийин гана ТИМ Сопоковдун бир топ кемчиликтери тууралуу айтып чыкты. Эмне үчүн мурун ал кетирген кемчиликтерди, каталарды ТИМ жашырып келди болду экен? Эгерде Саймаити өлбөгөндө, Сопоковдун буга чейинки кылган катачылыктарын эл билбей, укпай жүрө бермек экен да. Мындай жагдайлар эмнеден кабар берет? Бул деген — Кыргызстандагы кадр саясатындагы баш аламандыкты, башкаруудагы тартипсиздикти жана ар бир жооптуу органдын бизнеске айланып калгандыгын билдирип жатат. Тилекке каршы, бул — Кыргызстанда эч ким эч нерсеге жооп бербеген өлкө экенибиздин далили катары ачыкка чыгып калды. Эл аралык дүрбөлөң жараткан окуя болуп, коомчулук чырылдап жатса, биз бул жакта эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, уялбай дипломатиянын 75 жылдыгын белгилеп, майрамдап, анысы аз келгенсип медаль тапшырып, даңазалап жатабыз. Жок дегенде ошол иш-чарада кемчиликтер айтылып, элдин ою менен эсептешпешсе да, эсептешкендей түр калтырыш керек эле. Эч нерсе болбогондой түр көрсөтүү — биздин трагедиябыз.

Марал: Стамбулдагы Башкы консулду иштен алуу менен эле маселе жабылып калабы? Бийлик ушуну каалап жатабы?

-Иш консулду алуу менен иш жабылып калабы же ал келгенден кийин жоопкерчилиги каралабы, аны убакыт көрсөтөт. Буга чейинки ушундай сыяктуу окуялардын жыйынтыгын карап көрсөк, эң эле оор жаза бул — кызматтан алынуу менен гана кандай гана иштер болбосун иш бүтүп калчу. Кыргызстанда атка минерлер үчүн бир эле жаза бар, ал — кызматынан кол жууп калуу. Кыргызстанда кандай учурда жаза тартылат? Эгерде сен саясий опонент болуп кетсең. Ошон үчүн  жоопкерчиликке тартыларынан үмүт кылалы. Эгерде бийлик бул кадамга барбаса, анда коомчулук алардын жашыруун байланышы бар экен деген эле жыйынтыкка келип калат.

Copyright © 2017 Maral FM