Биз менен байланышыңыз

Япон агенттиги Талас-Тараз жолундагы көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 565 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу долбоору боюнча Кыргыз Өкмөтү менен Япон Өкмөтүнүн жана Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин (JICA) ортосунда гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында Япон Өкмөтү Кыргызстанга 1 млрд 785 млн япон иена өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды.

Көпүрөнү кайра куруу долбоору Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыздаган “Талас-Тараз” автожолунун 82 км иштеп турган көпүрөнүн ордуна, Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө курууну караштырат. Ошону менен бирге, долбоордо кыймылдын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо максатында көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу белгиленген.

Депутат Руслан Казакбаев Талас-Тараз-Суусамыр жолуна алынган насыяга аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 1 млн доллар каражаттын уурдалганы аныкталганын эске салып, ал иштин азыркы абалына кызыкты.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча маалымат бериле турганын айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM