Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Венгрия: кызматташтыктын келишими жана жемиши

Саясат | 29 Сен 2020 | 237 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Венгрияга расмий визит менен барды. Анын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат. Андан тышкары, кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлуп, эки тараптуу кызматташуунун келечектери талкууланат. Кыргызстан менен Венгриянын бүгүнкү күндөгү алакасы жана келечеги кандай? Бул тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Венгрия өлкөсү башынан эле Европа өлкөлөрүнөн өзгөчөлөнүп келет. Тарыхый маданият жагынан да көчмөн элдерге жакыныраак өлкө. Ошол эле учурда мамлекет өзүн Евробиримдиктен бир аз  алыс кармаган саясат жүргүзүп, Орусия менен да жакшы мамиледе болууга аракет кылып келет. Мындай өлкөнүн Кыргызстан менен стратегиялык жактан жакындашуусу жана өнөктөштө болуусу ийгиликтүү болушу мүмкүн экендигин эл аралык эксперттер белгилешет.

Венгрия менен өзгөчө билим берүү тармагында кызматташуу натыйжалуу боло тургандыгын  Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул билдирди.

Венгрияда билим берүү тармагында Европа стандарттарына жооп берүү үчүн убагында чоң реформалар жасалып, кийин ал  өзүнүн жемиштерин берген. Ошол жактан өлкөбүзгө билим алуу үчүн бир топ квота берип жатат. Мына ошол квоталар менен студенттерди коррупциясы азыраак процесстен өткөрүп, татыктуулар барып окуп келсе жакшы болот эле.

Жалпысынан мугалимдери жана кадрды даярдоо жагынан бир топ алдыда. Ошол эле учурда инжиниер-техниктер бизде жетишпейт. Чоң долбоорлорду ишке ашыруда билим деңгээли жогору адам дар керек. Ошол жактан эң чоң өнөктөш болуп бериши мүмкүн. 

Ошол эле учурда Чынара Эсенгул саясий стратегиялык жактан да биргеликте саясий долбоорлорду ишке ашырууга боло турганын айтып, Кытайдын Европа өлкөлөрүнө жакындап баратканын, Орусиядан тышкары Кытайдын Кыргызстан үчүн маанилүү мамлекет экендигин эске салды.

Президенттин расмий иш сапары эки өлкө ортосундагы дипламатиялык мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарып жатат. Ошол эле учурда Венгрия мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууда өздөрү активдүүлүгүн көргөзүп жаткандыгын эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов айтты.

Карап көрсөк 2-3 жылдын ичинде кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүк мамилеси жаңы деңгээлге чыгып жатат. Бул деген биринчи Европалык мамлекет биз менен мындай мамиле түзүп жатат. Башка Бириккен Европа өлкөлөрү менен бизде мындай декларация жок. Ошондой эле Кыргызстанга Венгриянын элчилиги ачылды бул дагы позитивдүү белги. Себеби бекем мамиле түзүүнү каалаган мамлекет гана элчилик ачат.

Алар өздөрүнө «биздин тарыхыбыздын, маданиятыбыздын тамыры Борбордук Азияда болгон, ошондуктан Кыргызстан менен жаңы деңгээлдеги мамиле түзөбүз» деп максат коюп жатат. Мындан сырткары Венгр өкмөтү 5 жыл мурун тышкы саясаты боюнча жаңы концепция кабыл алган. Анда «Батыш мамлекеттер менен гана мамиле түзбөй, сөзсүз Орусия, Кытай, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан менен иштеш керек, бул биздин тарыхтан калган салт» деп жазышкан. 

Президенттин иш сапарынын алкагында Кыргыз-венгр фондун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Муну экономисттер мамилелерди өнүктүрүү үчүн ниет деп баалашууда, себеби буга чейин түзүлгөн Кыргыз-орус фондун да жарытылуу иштетилбей жатканы айтылып келет. Венгрия менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө боло турганын, бирок экономикалык жактан кайсы тармакты өнүктүрүп тартып кете турганын, жана жаңы тузүлгөн фонду канчалык деңгээлде иштетип кете алабыз деген маселе тургандыгын экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаков билдирди.

Акчаларды башкарууну менеджер катары колго алалбай келебиз. Башкаруу жагынан алганда эки өлкө тараптан тең жакшы көзөмөл болбосо, дагы деле «кыргызча» болуп уят болуп калабыз. Кыргыз-орус фондунун деле бизге өтөт чоң айып коюп келет. Себеби ЕАЭБтин алкагында жакшы башкарып өнүгүп алып кете алган жокпуз. Өзүбүзүдө турган акчаны эптеп иштете албай жаң бир тармактарды ачабыз. Муну албетте начар деп айта албайм, келечекте жемишин бериши мүмкүн. Ошону кимдер башкарат. Кайсы тармактарды тандап, ошол тармакта жакшы долборлорду сунуштай алабыз. Маселе ушунда.    

Мындан сырткары ал Мамлекет инвестициялык климатты түздөп, бюджетти толтура турган стратегиялык обект куруш керектигин сунуштады.

Кошумчалай кетсек Кыргыз-венгр фондунан 50 млн Евро бөлүү пландалып жатканы айтылууда. Аталган фонд ишкерлердин, фермерлердин долбоорлорун колдоп, насыя алууга шарт түзүшмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM