Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 664 | 0

Кыргыз-венгер өнүгүү фондун түзүү пландалууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде айткан. Мамлекет башчы аталган фонд Кыргы-орус өнүктүрүү фонду сыяктуу деңгээлде болорунан үмүт артат.

— Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия «Эксимбанкы» буйруса 50 млн.евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 28-29-сентябрь күндөрү иш сапары менен Венгрияда болот. Аталган визит Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен ишке ашат.

Copyright © 2017 Maral FM