Биз менен байланышыңыз

Рита Карасартова жана Равшан Жээнбеков 48 саатка камалды

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 1365 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков жана укук коргоочу Рита Карасартова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, бир канча саясатчы, активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелери менен («Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

23-октябрдын таңында Равшан Жээнебеков 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитенин бардык мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгенин айткан.

Жарандык активистердин үйү тинтүүгө алынып, өздөрүн ички иштер башкармалыгына суракка алып кетишкени маалым болду. Мындан тышкары, журналист Канышай Мамыркулова да Бишкек милициясына суракка чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM