Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков боордун фиброзунун III баскычына чалдыкканын билдирди

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 510 | 0

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду медициналык кароодон өткөрүп, жыйынтыгында «III деңгээлдеги фиброз» аттуу диагноз коюлган. Бул тууралуу анын «Фейсбук» баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков бүгүн сотко квалификациялуу медициналык дарылоо үчүн өтүнүч жиберген.

Анын айтымында, анын ден соолугунун абалы — азыркы соттун жана бийликтин колунда.

Жээнбековдун оорусу тууралуу буга чейин адвокаты Замир Жоошев да маалымдап, чет элден дарылануу зарылчылыгы жаралганын айткан.

Равшан Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы Кой-Таш окуясына айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр 6-октябрда парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыкта абактан бошотулган.

Быйыл 5-августта үй камагынын талаптарын бузганы айтылып, кайра камакка алынган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп атап келет.

Copyright © 2017 Maral FM