Биз менен байланышыңыз

«Президенттик бийлик менен жакшы парламент келбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 1605 | 0

Келечекте Кыргызстанда парламент болбойт. Азыркы президенттик бийлик менен жакшы парламент алып келүү мүмкүн эмес. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө парламент болгон эмес, аты гана бар. Баарын президент башкарып келген.

Парламенттик шайлоо качан өтөрү маанилүү эмес.

«Анткени парламент президенттин чечимдерин сындай албаса, ага каршы тура албаса, оппозиция болбосо, мындай парламентти жок деп коюуга болот. Акыркы жылдарды карасак, президенттер парламентке коммерсанттарды алып келип, парламентти жок кылып таштады. Жаңы келе турган парламент да келечекте ушундай болот», — дейт саясатчы.

Ал белгилегендей, Кыргызстан президенттик башкаруу менен көпкө жашабайт. Анткени өлкөнүн социалдык-экономикалык системасына туура келбейт.

Copyright © 2017 Maral FM