Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» соту: Бабановдун тагдыры кандай чечилет?

Саясат | 8 Июн 2021 | 2280 | 0

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» ишине байланыштуу камалган. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») менен айыптап, 2 айга абакта калтыруу чечимин чыгарган. Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» иши боюнча өзүн күнөөсүз атап, коюлган айыптоолорду жараксыз, акылга сыйгыс катары баалап келет. Бүгүн анын адвокаты Амантур Абдрахманов коюлган дооматтар негизсиз, далилсиз экенин айтып, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылганын билдирди. Бабановдун камалышы боюнча ар түрдүү ойлор айтылууда, темага алдыда кененирээк токтолобуз.

«Кумтөр» иши боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов билдирүү таратты. Анда Бабановго коюлган дооматтар негизсиз, далилсиз экени айтылып, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылганы маалымдалат.

«Шектүү катары коюлган дооматтар негизсиз, бир гана божомолдор болуп жатат. Орусча айтканда «догадки предположение». «Бул жакка барып мындай сөз айткан, тигилерди сүйлөшүп койгон, анан мамлекетке каршы мындай чечим чыгарган» деген божомолдор гана жазылып жатат. Ошол сот отурумунда негизи мыйзам талабы боюнча прокурор ошол шекти, койгон айыптарын негиздеши керек болчу. Бирок ошону алар негиздей алышкан жок, тескерисинче, биз ошол сот отурумунда Бабановдун кылган кыймыл-аракети, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү, «Кумтөр» кенине барып айткан сөздөрү боюнча, мамлекетке «Кумтөрдөн» 16 миң 300 гектар жерди кайтарып бергени боюнча тиешелүү документтерди далил катары көрсөтсөк, биринчи инстанциянын тергөө судьясы кабыл алган жок. Биз ошол эле доомат менен Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазып, анда бүт баарын көрсөттүк».

Ошондой эле ал негизсиз камалаганы боюнча бир канча далил бар экенин белгилеп, камакка алганда да Жазык-процессуалдык кодесте көрсөтүлгөн процедура бузулганын кошумчалады.

Өмүрбек Бабанов мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаевдин убагында козголгон кылмыш иштерин жабуу максатында бийлик менен сүйлөшүүгө барып, бюджетти колдоо боюнча эсепке 100 млн сом которуп, быйылкы президенттик шайлоого катышпай, Садыр Жапаровду колдоп, өзүнүн репутациясын сактап калууга аракет кылганын, бирок «Кумтөр» ишине келгенде башкача кырдаал жаралып отурганын саясат талдоочу Айданбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, учурда бийлик 2012-жылдагы Садыр Жапаровдун «Кумтөрдүн» ишин тескөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясындагы жагдайга таянгысы келип жатат.

«Ошол депутаттык комиссиянын чечимдери эмне себептен кабыл алынган эмес? «Центерра» ошол кездеги депутаттарга, төрагага, Өкмөт башчыга эмне берген? Эмне булардын пикирлерин өзгөрткөн?» дегенди аныктап чыгууга булар катуу киришкендей болуп жатат. Ошондуктан ошол кездеги парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков, ошол кезде Өкмөтттүн башында турган Өмүрбек Бабанов, ошол кездеги чоң кызматтарды ээлеп тургандар азыр сурак беришүүдө. Ошол кезде да ар кандай ушактар чыккан. «Центерра» бийликти сатып алыптыр», «антиптир-минтиптир» дешип. Азыр эми ошонун баары акталып-такталышы керек дегендей жагдай болуп жатат окшойт. Себеби, мунун мааниси абдан чоң. Эгерде Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотко бара турган болсо, буга чейинки келишимдердин баары коррупциялык жол менен болгонун далилдеши керек. Анчүн ички бийликтегилердин пара алганы далилдениши керек. Эл аралык арбитраждык сотто бул аргумент болуп бериши керек». 

«Кумтөр» иши боюнча 2 айга камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 8-июнда элге кайрылуу таратып, анда ага «премьер-министр болуп турганда Жогорку Кеңештин депутаттарын убактылуу комиссиянын отчетуна каршы добуш берүүгө үндөгөн» деген айып коюлуп жатканын айткан. Бабанов мунун баарын четке кагып, 2010-2012-жылдардагы Жогорку Кеңештин чакырылышы өтө эркин болгон деп эсептеп, төмөнкү учурларды белгилеп өткөн:

«2010-2012-жылдары тарыхта Жогорку Кеңештин депутаттары өз алдынча жана өкмөттөн көз каранды эмес учуру катары калды. Жогорку Кеңеш мени жана менин Өкмөтүмдү кандай катуу сындаганы эсиңиздерде бардыр? Бизди отставкага кетирүүгө аракет кылып, ишеним көрсөтпөө жарыялашкан. Жыйынтыгында, алар максатына жетип, коалицияны ыдыратып, мен 31-августта отставкага кеттим. Андан кийин «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия 2012-жылдын 3-июлунда түзүлгөн болсо, мен ошол эле жылдын 31-августунда кызматтан кетип жатсам, кантип комиссиянын ишине кийлигише алмак элем?»

Парламент менен Өкмөткө мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунан бери эле «Кумтөр» боюнча иш алып барганга мыйзам негизинде уруксат берилген. Өкмөт кандайдыр бир чечимдерди алып келип, аны парламент бекитип берүү укугуна ээ. Эгерде алар жемкорлукка айыпталса, ал так далилдениши керек. Өмүрбек Бабанов же башка бирөө «Кумтөрдөн» акча алганы аныкталса, анда башка жагдай жаралат. Азыр болсо, «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеди» дегендик саясий жагдай болуп калат. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай билдирди.

«Мыйзам боюнча өкмөт башчысы жана өкмөттүн курамында турган мамлекеттик органдар жооп бериши керек. Анан келишимдерди бекитип берген парламент. А биз билебиз, өкмөт же парламент жооп бербейт. Эгерде башка жагдай менен камаса, анда башка кеп. Пара менен кармаса бир жөн эле, андай жагдай жокпу, анда саясий куугунтукка кирип калат да, тилекке каршы. Саясий оюн болбосо, «сен бийликте туруп бизге зыян алып келдиң» деген критерий жок. Аны кантип санайт, ким менен, кайсы өкмөттүн келишими менен салыштырып санайт?» 

Учурда УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтөөдө. «Кумтөр» кенине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир топ аткаминер камалып, сурак берип жатат. Алардын тагдыры бийликтин «Кумтөр» маселесин кандай чечкенине түздөн-түз байланыштуу экенин саясатчы Равшан Жээнбеков айтат.

Анын пикиринде, эгерде азыр бийлик «Кумтөрдү» таза, эффективдүү иштетип кете алса, анда азыр «Кумтөр» маселеси боюнча түрмөдө отургандардын тагдыры оор болуп калат.

«Анткени ошол «Кумтөр» аркылуу бийлик өзүнө кадыр-барк топтой алат. Бюджеттин киреше бөлүгүн кандайдыр бир деңгээлде көбөйтө алат. Экономикага кайсы бир өлчөмдө жан киргизе алат. Андай болгон соң бийликтин баркы көтөрүлөт да, «Кумтөр» боюнча кармалгандар көпкө чейин түрмөдө отурганга туура келет. Эгерде кенди иштете албай, «Кыргыз энергиянын», «Кыргыз газдын», «Кыргыз алтындын», «Кыргыз аэропортунун» жана башка маанилүү стратегиялык объектилердин кейпин кийип, абалы оорлоп, коррупцияга аралашып, банкроттукка багыт ала турган болсо, анда бүгүн «Кумтөр» боюнча түрмөдө отургандар баатыр болуп чыгышат. Ушул эле маселе сот боюнча да, эгерде биз Эл аралык арбитраждык соттон утуп чыга турган болсок, «Кумтөр» боюнча кармалгандардын абалы оор болот. Эл аралык арбитраждык соттон утулуп кала турган болсок, анда тескерисинче, алар түрмөдөн баатыр болуп чыгышат». 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдер 2 айга камалган.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыгышкан. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө катары көрсөтмө берген.

Copyright © 2017 Maral FM