Биз менен байланышыңыз

Бизнес процесстерди аутсорсингге өткөргөн компанияларга $30 000 чейин инвестиция берилет

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 746 | 0

Accelerate Prosperity бизнес процесстерди аутсорсингге өткөргөн компаниялары үчүн Кыргызстан боюнча ачык тандоо жарыялайт. Бул тууралуу Экономика министрлиги өз сайтына жазды. Анда бул долбоор аккселерация программасынан өтпөстөн бизнести өнүктүрүү үчүн инвестицияны алуу мүмкүнчүлүгү экени айтылат. Конкурска IT колдоосу менен аутсорсинг жана фрилансинг компанияларында иштеген IT компаниялар катыша алышат. Аутсорсинг — бир компания айрым жумуш процесстерин келишим түрүндө башка компанияга аткартуусу же кызматын колдонуусу.

Программага катышууну каалагандар AP веб-сайтында бизнес-процесстерди аутсорсинг кызматын кеңейтүү үчүн инвестиция алууга кызыктар экендигин билдирип, анкета толтурушу керек. Тандалган компаниялар менен Accelerate Prosperity программасы маектешип, алдыңкы үч компанияга тийиштүү текшерүү жүргүзүлөт (юридикалык, каржылык, оперативдик). Андан кийин бардык баскычтардан ийгиликтүү өткөн соң компаниялар өнүгүү үчүн инвестиция алышат. Инвестициянын көлөмү 30 миң АКШ долларына чейин болот.

Негизги багыттар:

-IT кызматы жана продукт компаниясы, бүт кызматтарды аутсорско берүү;
-Тышкы келишимдер боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен алектенген IT компаниялар;
-IT колдоосу менен фрилансинг компаниялары (жасалма интеллект, финтек, чоң маалыматтар ж.б.)

Катышуучуларга коюлган талаптар:

-Кеминде 1 жыл тиешелүү тажрыйбага ээ болуу;
-Чет өлкөлөрдө жок дегенде бир кардар менен иштөө;
-Команда кеминде 2 адамдан турушу керек;
-Аялдарга көңүл буруу менен жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзө билүү;

Төмөнкү шилтемени колдонуп, анкетаны толтура аласыз: https://kg.accelerateprosperity.org/bpo. Арыздар 2021-жылдын 20-февралында саат 17:00гө чейин кабыл алынмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM