Биз менен байланышыңыз

«Кылымдын аягына чейин Кыргызстан 80% мөңгүсүн жоготпошу үчүн жашыл экономика маанилүү»

Экономика | 11 Ноя 2022 | 926 | 0

«ЖИА» бизнес ассоциациясы демилгелеп, уюштурган Бишкек инвестициялык форумунун алкагында “Жашыл экономика – 2022” аталышындагы ишкерлердин форуму уюштурулду. Анда аймактардан келген ишкерелер табиятка зыян келтирбеген жол менен өндүрүү жана аны колдоо тууралуу талкуу болуп, бул тармактагы тажрыйбалуу жаш ишкерлер пикир алмашышты. Жыйында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча идеялар айтылып, алдыдагы пландар тууралуу сөз болду.

Жыл сайын уюштурулуп келген БИФтин демилгечиси “ЖИА” ишкерлер ассоциациясы жашыл экономиканы колдоо боюнча атайын иш алып барат. Анын алкагында Борбор Азиядагы жашыл экономиканы талкуулоо, издөө жана аны колдонуу боюнча атайын диалог уюштуруу үчүн эл аралык экперттерди, бизнес башкаруучуларды бир аянтчага чогултту.

Ассоциациянын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу “ЖИА” жашыл экономиканы колдоо багытында атайын комитет түзүп, жыл башынан бери иш барып жатканын билдирди. Ал приоритеттүү багыт катары курулуш тармагы жана электромобиль унаалары болуп жатканын айтат.

“Бүгүнкү күнү «ЖИА» бизнес ассоциациясы жалпысынан жашыл экономиканы алдыга жылдыруу максатында атайын комитет түзүп, жыл башынан бери бул багытта иш алып барып жатабыз. Негизги приоритет катары биз курулуш тармагын жана электромобиль тармагын алдык. Экономиканын локомотиви катары чакан жана орто бизнес дайыма алдыда болушу керек. Мамлекеттин дагы, өнүктүрүү фонддорунун аракеттери жеке сектор аркылуу гана ишке ашат. Бул өнөктөштөр менен иш-чараны уюштуруубуздун негизги максаты дагы ушул багытта болуп жатат”, — деди Жээнбай уулу.

Форумда Борбор Азиядагы жашыл тарнспорт, туруктуу туризм жана каржылык өнүгүү маселелери талкууланды. Азербайжан, Грузия, Монголия жана Казакстандан келген эксперттер жашыл экономикага байланыштуу маселелерди изилдеп, аны чечүү жолдорун көрсөтүү үчүн мамлекеттик сектор, жарандык коом жана жеке сектор менен тажрыйбаларынан бөлүшүштү.

Экономика минитринин орун басары Чоро Сеитов форумга мамлекеттик жана жеке сектордон, эл аралык эксперттердин атайын катышып жатканын, аларды жашыл экономикага кайдыгер карабаганына кубанып турганын жашырган жок. Ал мамлекет 4 жылдан бери жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди кылып келгенин, жеке секторлорго мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип берүү менен жарандарга жумуш орундар түзүлүп жатканын айтты.

“Жашыл экономика форумуна мамлекеттик органдар, жеке сектор, эксперттер катышып жатат. Ушулардын баары экономикабызга чоң салым кошуп жатышат. Анткени биз бул ишкерлерге шарт түзүп берсек, алар болсо жарандарыбызга иш орундарын түзүп берип жатат. Биз электр энергиясы менен жүргөн скутер, унаа, байктарды алып келгендерди колдойбуз. Азыр электр энергиясын толтурган станцияларды көбөйтүшүбүз керек экен”, — деди Сеитов.

Форумдун алгачкы сессиясында “жашыл транспорт” темасы талкууланып, анда Кыргызстандагы электр энергиясы менен жүргөн унааларды көбөйтүү жолдору сөз болду.

Кыргызстанда бүгүнкү күнү миңге чукул электромобил катталган. Бул өлкөдөгү жалпы унаанын 0.01%ын түзөт. Мындай унаалардын көбөйтүүнүн жолдору талкууланган жыйынга төрагалык кылган Элдар Абакиров талкуу тууралуу буларга токтолду:

“Кыргызстанда электромобиль өтө аз, миңдин тегерегинде эле. Биз кеминде 100 миң электромобиль алсак, ошондо «бизде электромобиль бар» десек болот. Ал үчүн эмне кылыш керек? Бизде узак мөөнөттүү насыялар жок. Бийлик ислам вариантында арзан каражат бөлүп бериши керек. Эмнеге бөлүп бериши керек? Анктени, биз муну кылбасак, кир аба менен дем алып, ошол элек акча дары-дармекке кетет, бензинге кетип калат”

Жашыл экономиканы колдоо максатында Кыргызстан электромобилдер үчүн бажы төлөмдөрүн жана кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Абакиров өлкө жыл сайын миллиард доллардан ашык каражатка күйүүчү май колдонорун айтат. Ал мындай каражатка ГЭСтерди куруп, жашыл транспортту өнүктүрүүгө болорун кошумчалады.

“Кыргызстан жылына жалпысынан миллиард доллардан ашык бензинге акча коротобуз. Ошол акчага биз ГЭС курсак, бул өлкөнүн өнүгүшүнө туруктуу, чоң салым болот. Электромобилдерди пайдалануу боюнча дүйнөдө Кытай алдыда экен. Демек, Кытайдан дагы биз көп нерсени үйрөнүшүбүз керек. Анан өлкөдөнүн ири шаарларын электросамокат, электроскутер, электромобиль менен жүргөнгө эң ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Май куюучу жайларындай эле электр станцияларын дагы көбөйтүшүбүз керек”

Глобалдык жылуулук болуп жаткандыгына байланыштуу акыркы жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда мөңгүлөр ээрий баштаган. Акыркы 50 жылда Кыргызстан мөңгүлөрү 25%ы ээриген.

Президенттик Администрациянын алдынадагы Реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов бул форумдун өлкө үчүн мааниси зор экенин белгиледи. Ал жашыл экономика аркылуу гана Кыргызстан мөңгүлөрүн сактап кала турганын айтты.

“Жашыл экономика — бул табигатка эч кандай зыян келтирбеген ишкердик. Биз ушундай экономиканы түзүшүбүз керек. Биздин табигатыбыз бизге гана эмес, коңшу өлкөлөргө да маанилүү. Себеби, Борбор Азия элинин жарымы биздин мөңгүлөрдөн аккан сууну ичишет. А биздин мөңгүлөр бүгүнкү күнү ээрип жатат, тилекке каршы. Илимпоздордун айытмында, ушул кылымдын аягына чейин Кыргызстан 80% мөңгүсүн жоготушу ыктымал. Бул атмосферага уу заттарды чыгарып жаткан, начар экономиканын айынан, завод-фабрикалардын иштешинин натыйжасында глобалдык жылуулук болуп, мөңгүлөр ээрип жатат. Ошондуктан Кыргызстан жашыл экономика принциптерине өтүшү керек”, — деди бөлүм башчы.

Темиркулов президент Садыр Жапаров жашыл экономиканы толугу менен колдоп жатканын жана Кыргызстан тоулгу менен “жашыл экономика принциптерине” өтөрүн кошумчалады.

Бул жыйында Швейцариянын Кыргызтандагы элчиси Оливье Бангертер да катышып, эки өлкөнүн окшоштугун, андыктан климатты сактоо үчүн биргеликте күрөшүү керектигин айтты.

“Кыргызстандын айлана-чөйрөсү өзгөчө. Таза суусу, таза абасы, таза токойлору бар. Муну келечек урпагы үчүн сакташы керек. Бир гана таза болгондугу үчүн эмес, мунун экономикалык мааниси зор болгону үчүн дагы. Эгер биз муну жоготсок, экономиканы жоготкон болобуз. Кыргызстан жана Швецария көп жагынан абдан окшошот. Мисалы өткөн жылы эки өлкө тең бирдей кургакчыл болду. Ошондуктан климат боюнча биргеликте иш барганыбыз туура болот деп ойлойм”, — деди Бангертер.

Экономика жана коммерция министрилиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр БУУӨП, GIZ кыргыз-герман кызматташтыгы, ЕККУ, Accelarate Prosperity жана жеке секторлор менен биргеликте уюштурган экономикалык форум “Бизнестен бизнеске” жана “Бизнестен өкмөткө” аталышындагы жогорку диалог болуп эсептелет.

Жашыл экономика форумуна түрдүү уюмдардын жана ишканалардын 500дөн ашык өкүлү катышты.

Copyright © 2017 Maral FM