Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү узартылды

Коом , Экономика | 3 Дек 2021 | 1918 | 0

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, анын негизги максаты — өлкө жарандарын турак жай менен толук камсыздоо. Тактап айтканда, мыйзам ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин көбөйтөт. 

Адина — 62 жашта, Ош шаарында жашайт. Кырк жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, батирлерде акы төлөп турат. Тапкан акчасы үй салганга же сатып алганга жетпегендиктен ипотекага турак жай алуу эңсейт. Бирок Ош шаарында туруктуу каттоосу жоктугу, анын үстүнө 62 жашка келип калганы буга тоскоолдук жаратып келет.

«Каттоого турган жокмун. Анткени шаарда батирде жашайм. Батирдин ээлери каттоого болбой турганын айтышат. Он үч жылдан бери кайрылбаган жерим калган жок. Жогору жактагыларга арыз жаздым. Быйыл да мамлекеттик ипотека боюнча кайрылдым. Алар: «Сиз алтымыш экиге чыгыптырсыз, алтымыш беш жашка чейин беребиз. Үч жылга чейин төлөп бүтө алам десеңиз, беребиз», — деп айтышкан. Ошентип бул маселе чечилбей узарып келет. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам болгон жок. Кырк жылдан бери мугалим болуп иштеп жатам. Берекесин берсин деп жашап жүрөбүз. Жаш үй-бүлөлөр, мугалимдер, дегеле шаарда каттоосу жок же башка көйгөй менен үйсүз жарандар толтура. Мугалимдин маянасы аз, аны батирге же тамак-ашка, кайсы бирине жеткирерин билбейсиң. Бул көйгөйгө мамлекет көңүл буруп койсо, аз да болсо жардам болмок деген үмүт менен жүрөбүз».

Бул маселе учурда көптөгөн жарандардын көйгөйүнө айланган. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания насыялоо шарттарын бир топ жеңилдетип жатканын айтышат. Компаниянын башкы адиси Таалай Оморов жаңы мыйзам боюнча насыянын минималдуу мөөнөтү жок экенин, тагыраагы, бир жылга деле бериле берерин белгилейт.

Бүгүнкү күндө ипотекалык насыя эки багыт менен берилет: бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн; бардык жарандар үчүн.

«Мыйзам боюнча токтоло кетсек, ипотекалык насыя эки багытта берилет: мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштегендер үчүн жылдык 4 пайыз; калган башка жарандар үчүн жылдык 8 пайыз. Кредит бир жылдан жыйырма беш жылга чейин берилет. Ал эми «Менин үйүм-2021-2026» долбоорунда жаш курак чектелип, 65 жашка чейин гана ала алышат. Элүүдөн ашкан адамдар кредит албай калган учурлар болгон. Ал эми программага катышуу жана ипотекалык насыя алуу үчүн Токтомдо белгилүү тандоо критерийлери каралган.

  1. 21 жаштан 65 жашка чейинки кызматкер-жумушчулар. Жалпы стажы эки жыл же азыркы ишинде бир жылдан кем эмес иштеп жаткан болушу керек;
  2. Ипотекага үй ала турган жарандын акыркы үч жыл ичинде өзүнүн, жубайынын, колун караган балдарынын наамында үй катталбашы керек. 

Мамлекеттик ипотека алууну каалаган жарандар gik.kg сайтына кирип, ошол жактан жалпы маалыматты окуса болот. Анан да керектүү документтерди тиркеп, МИК сайтына онлайн кайрылышы керек. Алар компаниянын кызматкерлери тарабынан биринчи кезекте каралат.

Кошумчалап кете турган жагдай, биздин сайтка кирип, инструкцияны окуп чыгуу керек. Жарандарда көп көйгөй болот. Инструкцияны окубай туруп, каттоону башташат. Кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп калып жатат. Аймактарда каттоо боюнча кыйынчылыктар болуп жатса, ар бир аймактарда адистер бар, аларга кайрылса, толук жооп бере алышат».

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Менин үйүм 2021-2026» программасы быйылкы жылдын 25-июлунан тарта ишке кирген. Бирок каржылоо 16-сентябрда ачылды. Андан бери аз гана убакыт өтсө да, учурда 360 жаран үйлүү болду. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.

«Мурунку программада негизинен мамлекеттик кызматкерлерди камтып келген болсок, азыр бардык жаранга ипотекалык насыя бере баштадык. Жалпы суммасы 950 млн сомдон ашуун. Анын 500 млн сому республикалык бюджеттен бөлүндү, ал эми калган 500 млн сому компаниянын өзүнүн капиталынан алынды». 

2016-жылдан бери мамлекеттик ипотека 6 миңге жакын жаранга ипотекалык насыя берди. Алдыдагы 5 жыл ичинде 16 миң жаранды камсыздоону максат кылууда. Бүгүнкү күндө насыя алуу үчүн 12 миңге жакын адам кезекте турат, дагы 8 миң адам документтерди карап жатат. Бирок алар да кезек-кезеги менен каралууда, анткени арыздар жана тиешелүү түрдө документтер көп.

Copyright © 2017 Maral FM