Connect with us

Кызыл-Кыяда студенттин башына тактай тийип каза тапты

Кыска кабар | 29 Дек 2024 | 522 | 0
сүрөт интернеттен алынды

Кызыл-Кыяда 18 жаштагы студент лабораториялык бөлмөдөгү курулуш тактайларын сыртка алып чыгып баратканда жыгылып, башына көтөрүп бараткан тактайы тийген. Ал жандандыруу бөлүмүндө эки күндөн кийин каза тапты.

Окуя 26-декабрда Төрөбай Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык колледжинде  болгон.

Азырынча студенттер эмнеге мындай жумушка тартылганы белгисиз.

Баткен ОИИБинин маалыматына караганда, Баткен облустук милициясы окуя кокустук фактысы менен катталганын, экспертизалар дайындалып, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилерин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM