Кыргызстанда жаны жыл күнү 322 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 31-декабрынан 2025-жылдын 1-январына саат 08:00гө чейинки аралыкта республикада 322 бала төрөлгөн. Алардын ичинен 170и уул болсо, 152 ымыркай кыз болгон. Жалпысынан республика боюнча төрөт учурунда 56 кесарево операциясы жасалган.
2024-жылдын ноябрь айынын соңунда улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда калктын саны 7 млн 254 миңден ашканын билдирген.