Connect with us

Азербайжан Орусиянын жети шаарына аба каттамын токтотту

Баку-Грозный аба каттамынын кыйрашынан кийин Азербайжан аба жолдору (AZAL) Орусиянын жети шаарына, Орусиялык авиакомпаниялар Азербайжандын үч шаарына каттамдарын токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Илхам Алиев AzTV телеканалына берген маегинде билдирди. Алиев учак кырсыгынан кийин Орусиянын шаарлары менен байланышты токтотууга буйрук бергенин айтты.

Азербайжан менен Орусиянын Грозный, Махачкала, Сочи, Минеральные Воды, Владикавказ, Нижний Новгород, Самара, Саратов, Уфа жана Волгоград шаарларынын ортосундагы каттамдар токтотулду. Буга чейин Түркмөнстан аба жолдору, Казакстандын Qazaq Air, FlyDubai жана Израилдин El Al авиакомпаниялары да Орусиянын айрым шаарларына каттамдарын токтоткондугун билдиришкен. Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы 25-декабрда кырсыкка учураган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болгон.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиядан күнөөсүн мойнуна алып, компенсация төлөп берүүнү талап кылган. Ошол эле учурда ал учак атайылап атып түшүрүлбөгөнүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM