Connect with us

Орусияда авто кырсыктан 4 кыргызстандык каза тапты

Кыска кабар | 1 Янв 2025 | 560 | 0

31-декабрда Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районуна караштуу Алдаркино айылынын жанында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып, унаа ташыган машинаны сүзүп алган. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.

Орусиянын компетенттүү органдарынан алынган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен Кыргызстандын 4 жараны каза болгон. Алар: 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. 1 жашы жете элек бала денесинен жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери менен байланыш түздү.

Кырсык болгон жерге Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ыкчам жөнөп кетишкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM