Кыргызстанда жаңы жыл майрамы тынч өтүп, олуттуу окуялар катталган жок.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн коопсуздуктун бардык түрүн эске алуу менен чаралар көрүлүүдө.
Турак жайларда, эл көп чогулган жерлерде, ошондой эле иш-чараларда укук тартибин көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө. Бул локациялардын жанында милиция посттору коюлган. Тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттөрү уюштурулган.
Министрлик ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы кызмат учурунда мыйзамды сактоого, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө дароо жооп берүүгө багытталгандыгын айтты.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында 15 миңден ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти толук камсыздашууда.