Биз менен байланышыңыз

Экономика жана коммерция министри эмгек жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 697 | 0

13-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жаңы министр Данияр Амангелдиевди министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Данияр Амангелдиев мурдагы кызматы боюнча жамааттын көпчүлүгү тааныйт. Ал тажрыйбалуу, өлкөнүн көптөгөн мамлекеттик экономикалык мекемелеринде иштеген, Токмок шаарынын мэри болуп, жарандардын ишенимине ээ болгон. Ал ошондой эле министрликтин жетекчилигинин алдында турган чоң милдеттерди, анын ичинде туруктуу экономикалык өсүш программасын иштеп чыгууну белгиледи», — деди Аалиев.

Өз кезегинде Данияр Амангелдиев мурдагы жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп келген экономикалык системаны модернизациялоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM