Биз менен байланышыңыз

Кытай менен чек арадан жүк өткөрүүнү жогорулатуу талкууланды

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 998 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжасын жогорулатуу үчүн аларды башкаруу механизмин уюштуруу маселесин талкуулады.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иш алып баруусу жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы менен жүктөрдүн өтүүсүн оптималдаштыруу эки өлкө кызыкчылыктарына жооп берип, мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

«Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарындагы координацияланган жана биргелешкен иш-аракеттер Кыргыз жана Кытай аймагына транспорттук каражаттардын өтүү процессин жөнөкөйлөштүрүүгө шарт түзөт. Эки элдин бакубат жашоосу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатуу боюнча оптималдуу чечимди табуу иретинде өз ара саясий эрктин көрсөтүлүшүнө ишенебиз», – деди ал.

Өз кезегинде Лю Суше кытай тараптын эки өлкө ортосундагы соода балансын жакшыртууга, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелерди кароого даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM