Биз менен байланышыңыз

«Экономикалык туруктуу өлкө катары эл аралык аренада өзгөчө орунду ээлешибиз керек»

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 335 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы иштер министри Руслан Казакбаев министрликтин өткөн жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыктары жана алдыга коюлган пландары тууралуу маалымат берди.

Арзыбек Кожошев Тышкы иштер министрлигинин ишине оң баа берип, Кыргызстан демократиялык жана экономикалык жактан туруктуу мамлекет катары эл аралык аренада өзгөчө орунду ээлеши керектигин айтты.

Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев тышкы иштер министрлигинин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Министрлер кабинетинин атынан алкыш каттарын тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM