Биз менен байланышыңыз

«2021-жылдын бюджеттик көрсөткүчтөрү да жакшы эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 995 | 0

Бюджеттин тартыштыгы 35 млрд сомду түздү. Бул экономиканын күзгүсү экенин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жылдын башында бюджеттин киреше булагы 163 млрд сомдун тегерегинде, чыгашалар 171 млрд сом, тартыштык 7.9 млрд сомдун айланасында, ал эми ИДПнын көлөмү 667 млрд сом болору болжолдонгон.

«Бажы кызматы дээрлик каражат чогултпай калды. Анткени чек аралар толук иштебейт. Салык кызматы да өзүнүн планын толтурууга аракет кылууда. Бирок аларга да кыйын болуп жатат. Социалдык төлөмдөрдү, эмгек акыларды төлөөгө каражаттар жумшалууда. Бир топ мекемелердин бюджети кыскарды. 2021-жылдын бюджеттик көрсөткүчтөрү да жакшы эмес. Саясий туруктуулук жок болсо, инвесторлор да келбейт», — дейт Кожошев.

Ал белгилгендей, инвестор мыйзамдар жакшы иштеген, саясий туруктуулук орногон, коррупцияга каршы адилеттүү күрөш жүргөн жана жеке менчик корголгон өлкөгө барат. Ал эми Кыргызстанда мыйзамдар жакшы иштебей жатат. Инвесторлор каражаттарын Кыргызстандан алып чыгып кетүүдө.

Бизнести текшерүүгө мораторийдин 1 жылга узартылуусу жакшы көрүнүш. Ал эми бодо малды экспорттоого тыюу салуу кадамы туура эмес. Анткени мал чарбачылыгы менен алектенгендер көп. Өкмөт бул чектөөнү жакын арада алып салышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM