Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев Салык кызматында жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 252 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Мамлекеттик салык кызматынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө салык кызматынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылы алдыга коюлган милдеттери тууралуу маалымат берилди.

2021-жылы Салык кызматы мамлекеттик бюджетти 105 млрд 714 млн сомго толуктаган. Бекитилген план 109,2 %га же 8 млрд 945,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Өз кезегинде Арзыбек Кожошев Министрлер кабинетинин алдында олуттуу милдеттер турганын белгиледи.

«Экономикалык өсүш темпин 6,5% деңгээлинде камсыз кылуу жана консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчүн 400 млрд сомго чейин жеткирүү –2022-жылы ушул жана башка көптөгөн милдеттерди аткаруубуз керек», — деди ал.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жаңы Салык кодекси, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM