Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 338 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы ишкерлерди тейлөө борборунун расмий ачылышына катышты.

Ишкердик борборунан юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу; салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, эсептөөлөрдү жана декларацияларды берүү, банк эсебин ачуу үчүн салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алуу сыяктуу кызматтарды алууга болот.

Ишкерлерди тейлөө борборунда ыкчам жана толук көлөмдө кеңеш алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн Арзыбек Кожошев белгиледи.

«Борбордо салык кызматы тейлөөсүн көрсөтүү менен катар 9 мамлекеттик органдын тейлөөсү көрсөтүлөт, бул ишкерлердин бизнес жүргүзүүсү жана түзүүсүн жеңилдетип, ошондой эле өлкөдөгү инвестициялык климатка оңдуу таасирин тийгизет», — деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары билдиргендей, мындай тейлөө борборунун ачылышы мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да чоң мааниге ээ. Мамлекет ишкерлердин корголушу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызыкдар.

Copyright © 2017 Maral FM