Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы элчиликтин имаратында шайлоо тилкеси ачылды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 406 | 0

Кытайда жүргөн Кыргызcтандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин имаратында бүгүн, 28-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө №9040 добуш берүү участкасы ачылды.

Шайлоо тилкеси саат 20:00гө чейин иштейт.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо менен өткөрүлүүдө.

Дареги: Кытай, Пекин шаары, Чаоян району, Сяоюнь  көч. №18, «Падышалар бакчасы», H 10/11

Парламенттик шайлоо: Чет өлкөдө 59 шайлоо участогу ачылды

Copyright © 2017 Maral FM