Кытайда жүргөн Кыргызcтандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин имаратында бүгүн, 28-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө №9040 добуш берүү участкасы ачылды.
Шайлоо тилкеси саат 20:00гө чейин иштейт.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу добуш берүү тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо менен өткөрүлүүдө.
Дареги: Кытай, Пекин шаары, Чаоян району, Сяоюнь көч. №18, «Падышалар бакчасы», H 10/11