Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо: Чет өлкөдө 59 шайлоо участогу ачылды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 432 | 0

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Учурда жалпы кыргызстандыктардын добуш берүүсүн камсыздоо үчүн чет өлкөдөгү элчилик жана консулдуктарда жалпы 59 шайлоо участогу уюштурулган. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Кыргызстандын сааты боюнча түнкү саат 03:00дө алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалинск аймагында ачылды. Учурда чет өлкөдөгү жалпы 16 шайлоо участогу иштеп жатат. Калган добуш берүүчү жайлар жергиликтүү саат 08:00дө иштеп баштайт.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо бул жолу жаңы система менен өтүп жатат. Анда 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Шайлоо тартиби партиялык тизме үчүн преференциалдык система менен болуп, шайлоочулар партияны жана партиянын ичинен талапкерди тандай алышат.

Кытайдагы элчиликтин имаратында шайлоо тилкеси ачылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM