Биз менен байланышыңыз

Президент Си Цзиньпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 469 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрда, Кытайдын лидери Си Цзиньпинди Кытайдын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда түзүлгөндөн бери Кытай өзүнүн өнүгүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, зор ийгиликтерге жетишкендигин белгилеген.

«Сизди Кытайдын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.Кыргызстан ар дайым Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана аны улантат. Кытай менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын стратегиялык артыкчылыктуу багыты болуп саналат«, — деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге бекем ден соолук, мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ошондой эле Кытай элине тынчтык, бакубатчылык каалады.

Copyright © 2017 Maral FM