Биз менен байланышыңыз

Эл аралык комитет тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 534 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карады.

Депутаттарга Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков маалымат берип, 51,1 млн.долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатканын билдирди.

Тактоо иретиндеги айрым суроолордон соӊ депутаттар Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбооруна макулдук беришти.

Copyright © 2017 Maral FM