Биз менен байланышыңыз

«Кошоматчылыкка технология да жардам берип жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Дек 2020 | 1037 | 0

Кошоматчылыкка технология да жардам берип жатат. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгомбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кокон хандыгында ордодогу кошоматчылыкты 5-6 адам көрүп, сырттагылар туйбай деле калган чыгар. Ал эми азыр интернеттин заманы, жазган сөздөр элге тарап кетет. Андыктан кошоматчылардын актуалдуу болуп кетишине технология да жардам берүүдө.

«Ак үйгө кире албаган адамдар айла жок кошоматын интернеттен чыгарып жатат. Бирок бул — убактылуу көрүнүш. Дээрлик көпчүлүгү кызматка казынасын толтуруп алуу максатында барат экен. Баюунун эң оңой жолу кызмат алуу болуп калды. Көпчүлүгүбүз жакшы жашоонун форматын акча менен гана карап калдык. Ошондуктан биз багыттарыбызды өзгөртүшүбүз керек. Биринчи багытты маданият тармагына буруу керек», — дейт Болгомбаев.

Ал белгилегендей, маданияты бийик элдин социалдык, экономикалык багыты да өсөт. Маданияты бийик коом дүйнө менен алака түзө алган кубаттуу мамлекет кура алат.  Тилекке каршы, күчтүү мамлекет дегенде көпчүлүк аскердик техниканы ойлошу мүмкүн. Кыргызстан учурда ракета, курал-жарак чыгара албайт. Андыктан кылымдардан бери келе жаткан руханий баалуулуктарды күч катары колдонуп, алдыңкы планга коюу керек.

Copyright © 2017 Maral FM