Биз менен байланышыңыз

Саясатчыларды сестенткен салык декларациясы

Саясат | 11 Дек 2018 | 1027 | 0

2017-жылга карата бирдиктүү салык декларация тапшырган чиновниктердин байлыктары текшерилүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштүн эл аралык күнүндө мыйзамсыз байыган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай шарт үчүн аракеттер башталганын жар салган эле. Анда байлыктарын жакындарына жазырып койгон системанын жоюлуп жатканын белгилеген.

-Карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, бир жыл ичинде көп иштер жасалды. Башкы басым коррупцияны жараткан себептерди жоюуга жасалып жатат. Адам факторун четтетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү кызматкердин жарандар менен түз байланышын азайтууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ишкерлерди алардын бизнесине киришүүлөрдөн жана көптөгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык.   

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев декларациясын тапшырган саясий жогорку кызматты ээлеген 50 адамдын декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген болчу.

Жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген 48 миң кызматкердин декларациялары дыкат каралат. Ошондой эле алардын ичинен жогорку кызматта отургандар жана жакын туугандарыныкы текшерилет. Алардын ичинен 50сүндө күмөндүү жагдайлар бар. Аларды дагы кылдат карап чыгуу керек. 

Учурда Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз делген иштер текшерүүгө алынып жатат. Анын негизинде мыйзамсыз байыгандардын тизмеси жарыяланып келет. Декабрь айында эле Тышкы иштер министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, прокуратура, сот органдарынын бир катар кызматкерлери байлыгын жашырганы белгилүү болду. Азыркы учурда дагы Салык кызматынан келген документтер бар экенин Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова айтты. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы чиновниктер экенин ачыктаган жок.

Бирдиктүү салык декларациясына анык эмес маалыматтарды берүү фактылары боюнча бир нече мыйзам бузуу аныкталган. Акыркысы болуп 3-декабрда Башкы прокуратура тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ал боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул 308-1 берененин негизинде козголгон. Учурда дагы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан материалдар келип түшүүдө. Учурда Башкы прокуратурада материалдар бар. Текшерүү жүрүп жатат.   

Бажы дегенде эске келе турган, «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Раимбек Матраимовдун агасы  депутат Искендер Матраимов берген декларацияда турак жайы жок деп табылган. Бирок эл өкүлү документте маалыматтар ката жазылган деп кутулду.

Менин башым декларациядан башка нерсе менен ооруп жатат. Жооп бере албайм.  Башка суроону ойлонуп жүрөм. Ооба декларацияда менин үйүм жок. Турак жайды аялыма каттатканбыз. Ал дагы үй-бүлөөбүздүн мүчөсү да…

Аткаминерлердин топтогон байлыктарын ачыктоо аракети коомчулук тараптан колдоого алынып жатат. Бирок мындай жагдайларды түп тамырынан жок кылуу үчүн жазаны күчөтүү керектигин Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев сунуштоодо. Баарынан мамлекеттен жеген акчасын эселеп төлөтүү зарылдыгын эскертти.

Бул маселеде кылмыш жоопкерчилигине тартуу жетишсиз. Кеткен чыгымдар төлөтүлбөйт. Ошондуктан каржылык санкцияларды көбүрөөк колдонуу зарыл. Мүмкүн болушунча мамлекетке келтирген зыянды он эсе төлөтүш керек дагы, экинчи мамлекеттик кызматка келбейсиң деген талапты коюу керек.  

Ушундай жол менен гана мамлекеттик кызматтын кадыры жана баасы өсө турганын эксперттер айтышат.

Эскерте кетсек, азыркы тапта чиновниктердин 2017-жылга карата декларациялары текшерилип жатат.

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM