Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Кайсы чиновник кантип байыганын билем

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 868 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев “Марал” радиосуна берген маегинде кайсы чиновник кандай жол менен байыганы тууралуу маалыматы бар экенин билдирди.

«Мени көп жылдан бери ишкердик тармагында жүргөндүктөн кимдин кафе, ресторан же башка бизнеси бар экенин баарын билем. Кыргызстан кичинекей өлкө. Андыктан чиновниктер эмне менен «дем аларын» билем. Бирок алардын аттарын атай албайм. Ысымдарын атаганым менен мүлкүн мисалы аялын же башка бирөөгө жаздыртып койсо, эртең мен далилдей албай калсам эмне болот? Мени сотко беришет. Аны иликтөчү атайын органдар бар. Ошолор өздөрүнүн кызматтын, жеген нанын акташы керек», — дейт Молдобаев

Анын айтымында, Кыргызстанда өз эмгеги менен байыгандар жок эмес. Коррупция менен күрөшүүнүн жолу көп.

«Испания кыска аралыкта өлкөдөгү финансылык кризистен чыгып кетишти. Аларда жаран бир нерсе сатып ала турган болсо сөзсүз түрдө киреше булагын көрсөтөт. Алсак, Түштүк Корея мыйзамсыз иштери үчүн мурдагы президентин камап койду. Бизде андай жок. С.Исаков, К.Кулматов, Ж.Сатыбалдиевдин «жегени» далилденсе кустуруш керек. Мындан сырткары өзбек лидери Шавкат Мирзиёев бизнесмендерди текшерүүнү токтотуп туура кылды. Биз да аракет кылганбыз. Бирок эч ким акчасын чыгарган эмес. Бизде да ушундай кадамдар болсо болмок. Реформага барууга ким тоскоолдук кылып, өкмөттүн колун ким кармап жатат?» — дейт Молдобаев.

Copyright © 2017 Maral FM