Биз менен байланышыңыз

Президент коррупцияга каршы отурум өткөрөт

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 512 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу Президенттик админстрациядан билдиришти.

Иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир 10-00дө башталат.

Кеңештин мүчөлөрү: мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациянын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү.

Кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

Copyright © 2017 Maral FM