Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 585 | 0

Бишкек шаардык соту мурдагы калаа башчысы Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Суракматовду 26-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип 26-майда кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда башка кызмат адамдары менен жең ичинен келишип, имараттарды, көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

Териштирүүнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, экс-мэрдин байлыгы 50 миллион АКШ долларына бааланды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз алынган жер тилкелерин каттоо үчүн мэрияга караштуу ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерине кысым көрсөткөнү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM