Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши токтотулду

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 479 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш ишин токтотту.

Айыпталуучунун жактоочусу январь айынын аягында жоопкерчиликке тартуу мөөнөтүнүн бүткөнүнө байланыштуу кылмыш ишин токтотууну өтүнгөн.

Суракматов тергөө менен кызматташуунун алкагында мамлекетке 170 млн сом материалдык чыгым төлөгөн. Сот муну эске алып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип 26-майда кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда башка кызмат адамдары менен жең ичинен келишип, көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM