Биз менен байланышыңыз

УКМК: Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 1047 | 0

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Суракматов мэр болуп турган учурда кызмат абалынан пайдаланып, муниципалитеттин айрым адамдары менен биргеликте коррупциялык иштерди жасап, ири курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө соода имараттарын жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин берген.

Мындан улам Суракматов жана анын жакын туугандары киреше булагы жок болгонуна карабай, байлыгы болжол менен 50 миллион долларга жетип, кескин көбөйгөн.

Кечээ, 26-майда Азиз Суракматов УКМКга «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Суракматов 2018-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

Copyright © 2017 Maral FM