Биз менен байланышыңыз

Президент: Медициналык кызмат баарына бирдей болушу керек

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 818 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Азиз Суракматов борбор калаада коронавирус инфекциясы менен ооругандар үчүн ар кайсы мекемелердин базасында кошумча койко-орундар уюштурулгандыгын белгиледи.

Бишкек шаарынын мэринин маалыматы боюнча, тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалга иштиктүү анализдин жоктугуна көңүл буруу менен, борбордогу бардык медициналык мекемелердин абалын, анын ичинде адистердин резервин иликтөө зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы бардык кайрылгандар өз маалында медициналык жардам менен камсыздалышы керектигин өзгөчө белгиледи.

— «Бул маселеде айрым адамдарга артыкчылык берилбей, медициналык кызмат баарына бирдей жеткиликтүү болушу керек», — деди президент.

Мамлекет башчысы ооруканаларды күзгү-кышкы эпидемиологиялык кырдаалга даярдоонун, врачтарды кошумча транспорттор менен камсыз кылууда жардам көрсөтүүнүн маанисин белгилеп, мэрдин көңүлүн коомдук транспорттогу санитардык ченемдердин сакталбай жатканына бурду.

Copyright © 2017 Maral FM