Биз менен байланышыңыз

Быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу веложүрүш өттү

Коом , Кыска кабар | 30 Авг 2020 | 565 | 0

Бишкекте бүгүн бул жылдын эсебинен биринчи жолку веложүрүш болуп өттү. Аны Бишкек мэриясы уюштуруп, 300дөн ашуун велосепедчилер катышышты.

“Ден-соолук веложүрүшү” деп аталган бул иш-чарага келген катышуучулар ыктыярчылык кылып коронавирустан каза болгон Адинай Мырзабекованын атынан коюлган “Адинай” паркынан баштап Орто-Сай айылына чейин Чыңгыз Айтматов проспектиси менен барышты. Кайрадан кайтканда Байтик Баатыр көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө чейин келип, андан соң чыгып кеткен жерине кайтып келишти. Басып өткөн арылык 10 километрди түзгөн.

Бул жүрүшкө мэр Азиз Суракматов өзү да катышып, катышуучулар менен маектешип, эртеңки эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Суракматов пандемия учурундагы айрым чектөөлөр киргизилгенин туура түшүнүү менен кабыл алганы үчүн шаардыктарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле оор кырдаалда жардам бергендердин бардыгына ыракматын айтты.

Катышуучулардын ден-соолугунун коопсуздугу үчүн социалдык аралык сакталып, аларды жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын үч машинасы жана бир тез жардам машинасы коштоп жүрдү.

Copyright © 2017 Maral FM