Биз менен байланышыңыз

Азиз Суракматов кызматына кайтып келди

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 1221 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кайрадан кызматына кайтты. Аны шаардыктар колдоого алып, мэриянын алдынан тосуп алышты.

Суракматов келген элге ыраазычылыгын билдирди.

Баарыңарга ырахмат. Мен ойлогон эмесмин ушунча киши колдоп келерин. Эрте менен балдар чалышты: «Мэрияда эл чогулуп жатат» — деп, ырахмат силерге. Азыр шаарда абал оор болуп, мына, COVID көбөйүп жатат. Жылуулукту да бериш керек. Морадерлук күч алды. Мына ушунун бардыгын азыр вице-мэрлер менен чогулуш өткөрүп, шаарда тартипти орнотобуз, — деди Суракматов.

Бишкек шаарынын мэри 5-октябрдагы нааразылык акциясынан кийинки төңкөрүштөн улам кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бирок, шаардык кеңеш анын арызын кабыл алган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM