Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеби ачылды

Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2021 | 691 | 0

Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Имараттын ачылышына Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, спортчунун жесири Сайра Санатбаева катышты.

Жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн имарат жеңил конструкция менен курулган.

«Имаратта үч спорт залы — оюн, күрөш жана машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, кеңселер жана душ бар. Бардык жайлар зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Аймак көрктөндүрүлүп, тротуарларга жана аянтчаларга брусчатка төшөлдү», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, спорт комплекстин эски имараты 1984-жылы курулган, ал 15 жылга эсептелген. Кыргыз спортунун сыймыктуу кыздары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы да ушул комплексте тарбияланган.

Жаңы имараттын курулушу 2019-жылдын декабрь айында башталган. Бюджеттен 50 миллион сом каралып, долбоорду 2020-жылдын аягында бүтүрүү пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM