Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1-июндан баштап ысык суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 1093 | 0

Борбор калаада 1-июндан 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка (№ 85) Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Мындай чечим жыл сайын болуучу профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында жана кышка даярдануу үчүн кабыл алынган.

Ошол эле учурда шаардагы фонтандар иштөөгө даяр болуп, 1-июндан тартып иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM