Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: 1-марттан тарта бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 3152 | 0

Бишкекте 1-марттан баштап бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат, бирок коронавирус жуктургандардын жаңы учуру ушул динамикада сакталганда гана. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ошондой эле ал, ушул жылы муниципалдык казынанын эсебинен 2 бала бакча жана 1 оорукана куруларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM