Биз менен байланышыңыз

Бишкекте быйыл 8 парк ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2020 | 1347 | 0

Бишкек шаардык мэриясы 2020-жылы 10 чакырым жол курат. Бул тууралуу шаардык башкармалыктын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Маралга” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган жол шаардык бюджеттин эсебинен салынат.

Андан тышкары 70 көчө Кытай тараптан бөлүнгөн каражаттын эсебинен жасалат. Ошондой эле, 8 парк быйыл толугу менен курулуп бүтөт.

— «Чолпонбай Түлөбердиев» атындагы парк 15-апрелге чейин ачылат. Анын тушундагы парктын да курулушу жүрүп жатат. “Сүйүү паркы”, “Балалык”, “Азербайжан” парктарынын курулуш иштери башталды. Боталиев-Манас көчөсүн кесилишине, Ак-Өргөдө да 3-4 гектарлык жерге да парк ачылат. Ганди-Ленинград көчөлөрүнүн кесилишкен тарабында да бир парк болот, — деди Түлөбаев.

Андан тышкары бир канча майда гүлзарлар да ачыла турганын кошумчалады. Ошондой эле, веложолдорду куруу иштери уланат.

Copyright © 2017 Maral FM