Биз менен байланышыңыз

Бишкек санитардык-экологиялык инспекциясы жети айда 6,6 млн сом айып салган

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 548 | 0

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу Бишкектин Пржевальск көчөсүндө бузуу фактысы катталган. Түтүктү алып өтүү эрежесин сактабай, жолду бузганы үчүн Бузуулар кодексинин 1-бөлүгүнүн 119-1-беренесинин негизинде К. Ташкулов аттуу жаранга 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Өз кезегинде, санитардык-экологиялык инспекция санитардык эрежелерди бузганы үчүн жыл башынан бери 6 млн 605 миң сом айып салган.

Эскерте кетсек, көрктөндүрүү эрежелерин бузуу маселелери боюнча төмөнкү телефон номурларына кайрылсаңыздар болот:

  • Свердлов району — 0551551745;
  • Октябрь району — 0505523832;
  • Биринчи май району- 0555404818;
  • Ленин району — 05542213.

Copyright © 2017 Maral FM