Биз менен байланышыңыз

Эрежелерди бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 628 | 0

Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 90 чарба субъектиси текшерилип, Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча 46 миң сомго 12 протокол толтурулган. Санитардык нормаларды бузгандардын арасында «Кайнар», «Палацио», «Сары Өзөн» ресторандары, «Абстракт» кафеси, Турусбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркети, «Даамдуу» тез тамактануучу жайы бар.

Эгер сиз да  мыйзам бузууларды байкасаңыз, мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясына кабарласаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM