Биз менен байланышыңыз

Түркия виза режимин бузган кыргызстандыктарга айып салбайт

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 754 | 0

Түркия COVID-2019 пандемиясынан улам виза аркылуу Түркиядан чыгып кете албай же жашап турууга уруксаттарын узарта албай калган чет элдик жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына карата айып санкцияларын колдонбойт.  Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таянып, Республикалык штабдан билдирди.

Мындай чаралар Түркияда коронавирус кырдаалы жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келгенче күчүндө болот.

Учурда Түркияда 360 жаран Кыргызстанга кетүүнү күтүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM